Бакуда Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отуруму болду

4927

2020-жылдын 6-февралында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТтМКК/Түрк Кеңеши) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отурумуна катышты.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк Кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, эл аралык аренада ТтМККнын позициясын бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен аракеттер, Уюмду жана башка түрк институттарын өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө пикир алмашышты.
2020-жылы Түркия Республикасында өтүүсү пландалып жаткан Түрк Кеңешинин 8-Саммитине карата даярдыктарга байланышкан маселелерге тараптар чоң көңүл бурду.
ТИМКнын отурумунун жыйынтыктары боюнча тышкы саясий ведомстволордун башчылары ТтМКК органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар документтерге кол коюшту.

  • Бакуда Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отуруму болду
  • Бакуда Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отуруму болду
  • Бакуда Түрк кеңешинин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезексиз отуруму болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK