Түрк аба жолдору авиа компаниясынан 23-апрелден 26-апрелге чейин сыртка чыгууга тыюу салынган учурда уюштурулган чартердик аба каттамдары үчүн аба майдандарына бара турган жүргүнчүлөргө маанилүү маалымат.

5718

Стамбулдун сыртынан келе турган жүргүнчүлөргө:

  • Сиз жашаган аймактын тиешелүү мекемелеринен өлкө ичиндеги сапар үчүн уруксат алууңуз зарыл  жана бул уруксат кагазы ар дайым жаныңызда болуусу шарт.
  • Эгер мүмкүнчүлүк болсо, сыртка чыгууга тыюу киргизилгенден мурун Стамбулга келүүңүздү сунуштайбыз
  • Учак учаардан бир күн мурун келген болсоңуз, Стамбул аэропортунун отелинде же болбосо аэропорттун атайын кызмат көрсөткөн автобусу (HAVAİST) өтө турган жерлерге жакын болгон Таксим, Аксарай жана Кадыкөй микрорайондорунда  калууңузду  сунуштайбыз.  

Сыртка чыгууга тыюу салынган учурда аэропортко кантип баруу керек?

  • Аэропорттун атайын кызмат көрсөткөн автобусун (HAVAİST) колдонсоңуз болот. Автобустун атайын баракчасынан https://www.hava.ist/ иштөө убактысын жана өтө турган жолун текшериңиз.
  • Эгер аэропотко такси менен барууну кааласаңыз Стамбул аэропортунун атайын такси кызматына алдын ала адресиңизди билдирип телефон чалыңыз: +90 850 780 77 34 же +90 533 315 71 33. Бул таксилер Стамбул аэропортуна гана жеткирээрин белгилейбиз. Эскертүү башка такси фирмалары сыртка чыгууга тыюу салынган учурда кызмат көрсөтө албашы мүмкүн.

Башка керектүү маалыматтар:

  • Эл аралык аба каттамы үчүн билетиңиз ар дайым жаныңызда болуусу шарт. Өткөрүү пункттарында билетиңизди көрсөтүү талап кылынышы мүмкүн.
  • Эгер сиз Стамбулдун өзүнөн аэропотко бара жаткан болсоңуз өлкө ичи сапарлар үчүн керектүү уруксатты албасаңыз да болот. Билетиңиз жаныңызда болсун.
  • Аэропортко учуу убактысынан 4 саат мурун келүүңүз зарыл.
  • Билети бар туруп, уча албай калган жүргүнчүлөрдүн билетти алмаштырууга жана акчасын кайтарып алууга укугу бар.
  • Суроолоруңуз болсо, 444 0849 телефон номерине жардам жана маалымат үчүн кайрылыңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK