Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу, түрк бийликтери жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргызстандын 330 жаранынын өлкөгө кайтуусу боюнча Стамбулдан Бишкекке чартердик аба каттамы ишке ашырылды

6705

Үстүбүздөгү жылдын 15-майында Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик органдарынын, Элчиликтин, Стамбулдагы Башкы консулдуктун жана «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын аракеттери менен Стамбул-Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын 330 жаранынын мекенибизге кайтуусу ишке ашырылды. Аталган рейс менен жарандардын алдын ала кайрылуулары боюнча Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык, Түркиянын ар кайсы шаарларында дарылануу, иштөө, окуу жана башка максаттар менен келген жарандар кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяктарынан бери Түркиянын  көпчүлүк шаарларынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына карабастан, Элчилик түрк бийлиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын Стамбулга баруулары үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу боюнча маселени чечти. Анкарада жашаган жана башка шаарлардан Анкарага келген жарандар үчүн Эл аралык Стамбул аэропортуна баруу үчүн транспорт уюштурулду.

Элчилик жана Башкы консулдук Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу керектүү маалыматтар Элчиликтин расмий сайтына регулярдуу түрдө жайгаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK