Консулдук каттоо тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

6101

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары !

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги жарандарынын консулдук каттоодон өтүүлөрү керектигин эскертет.

Консулдук каттоонун негизги максаты - Түркиядагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, натыйжалуу консулдук кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле Түркиядагы кыргыз жарандарынын конституциялык, анын ичинде шайлоого катышуу ж.б. укуктарын колдонуу үчүн тизме түзүү. 

Консулдук катоо үчүн Элчиликке төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

1. Катталуу карточкасы (ЖҮКТӨӨ)

2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту

3. 3x4 өлчөмдөгү бир сүрөт

4. Каттоо акысыз

Катталуу үчүн аралыктан да арыз берүүгө болот. Бул үчүн жогорудагы документерди сканерлеп, Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK