2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ван аймагынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылынын Башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган этникалык кыргыздар тобу менен жолугушуусу болуп өттү

4148

2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ван аймагынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылынын Башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган этникалык кыргыздар тобу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда Айтбай Эйюпхан мырза Улуу Памир айыл жамаатынын атынан салам айтып, 2019-жылдын 10-12-июнунда Элчи К.Өмүралиевдин Ван аймагына болгон иш сапарынын алкагында  провинциянын жетекчилиги менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында, жергиликтүү бийликтер тарабынан аймактагы этникалык кыргыздарга турак жай куруу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча 270 га жер тилкеси бѳлүнүп берилгенин белгилеп аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Элчи К.Өмүралиев элдин жалпы абалын сурап, Улуу Памир айылында Covid-19 илдетине чалдыккандар жок экенин кубаныч менен кабыл алды

Маалымат катары: 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирдик кыргыздардын бир бѳлүгү Афганистандан Пакистанга көчүп келишкен, бирок Вахан өрөөнүнүн климатына кѳнүп калып, жаӊы ысык аба-ырай шарттарына отурукташа алышкан эмес. 1983-жылы Түркия Республикасынын Ѳкмѳтү Улуу Памир айылын негиздеп Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

Учурда Улуу Памир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар отурукташкан. «Вандык» кыргыздардын бир бөлүгү Стамбул шаарында, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районунда жана Түркиянын борбордук аймактарында (миӊге жакын)отурукташкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK