Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу Келишими

7481

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2020-жылдын 2-июлундагы №2726 чечимине ылайык Түркия Республикасынын № 7230 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу Келишими күчүнө кирди.

Келишимдин максаты социалдык камсыздоо жаатында эки республиканын жарандары үчүн бирдей укуктарды түзүү. Келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу акысын төлөгөн эки республиканын жарандары Кыргызстанда жана Түркияда пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга мүмкүнчүлүк болот

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу Келишимине 2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган жана 2018-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK