Келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү майрамы менен куттуктайбыз!

4213

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Эгемендүүлүк күнүбүз менен куттуктайм! 29 жыл мурда 31-августта Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алынып, өлкөбүздүн тарых барактарында өзгөчө бир күн катары калды.  

Бүгүнкү эркиндик – мурунку муундардын талыкпай күрөшүүсүнүн натыйжасында бизге калтырылган аманат. Бул баа жеткис белекти келечектеги урпактарыбызга көздүн карегиндей сактап жеткирүү биздин милдетибиз. 

Кыска убакыттын ичинде жаш өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга жана башынан өткөргөн кыйыштуу окуяларга карабастан ийгиликтерге жетишип, өнүгүү жолунда келе жатат деп айтсам жаңылышпайм.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт каалайм. 

Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун!

 

Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин видео куттуктоосу

https://drive.google.com/file/d/1Z9rOwvinnxV4X2kw6SM5bfwnrBhiayNz/view?usp=sharing

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK