Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядагы кыргызстандыктар жана шайлоого даярдык тууралуу «Акипресс» маалымат агенттигине берген маеги

5762

4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого карата Кыргызстандын аймагында 2462, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Түркия Республикасындагы шайлоо участокторунда добуш берүү процесси, канча шайлоочу катталганы жана Кыргызстандыктарга байланыштуу жалпы абал тууралуу Элчи Кубанычбек Өмүралиев айтып берди.

- Түркиянын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган Кыргызстандын канча жараны бар? Кыргызстандыктар кайсы шаарда көп?

- Түркия Республикасынын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары туристтик сезонго жараша Түркиядага Кыргызстандын 20-25 миң жараны жашап турушат. Алардын көпчүлүгү Стамбул, Анталья, Анкара, Измир, Бурса, Бодрум сыяктуу курорттук шаарларда болушат.

Жайкы туристтик сезондо Түркияда кыргызстандык жарандардын саны өсөт. Бул жылы пандемияга байланыштуу алардын саны аз болду.

Түркияга келген жарандарды негизинен 3 топко бөлүүгө болот. Алар: Биринчи толкундагы жарандар, студенттер жана эмгек мигранттары (мыйзамдуу жана мыйзамсыз). Ошондой эле аз категориядагы жарандар бар: адам сатуунун курмандыгы болгон жана эл аралык издөөдөгү адамдар.

  • Биринчи толкундагылардын арасында бул жактын жарандыгын алган мекендештерибиз бар. Алардын айрымдары Түркиянын жараны менен турмуш куруп, 3 жылдан кийин Түркиянын жарандыгын алууга укуктуу болгондор (негизинен аял кишилер).

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 1991-2019-жылдар аралыгында Кыргызстандын 9 569 жараны Түркиянын жарандыгын алган.

  • Ал эми экинчи категориядагы студенттер Түркиянын жогорку окуу жайларында «Түркия стипендиялары» мамлекеттик программасы менен жана келишимдик негизде билим алышат.

Түркия тараптын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны болуп эсептелген 1859 студент бар. Алардын ичинен 750 студент мамлекеттик программа менен жогорку билим алгандар. «Түркия стипендиялары» программасы менен кабыл алынган студенттер жатакана жана стипендия менен камсыз болушат.

Ал эми жогорку окуу жайларда келишимдик негизде билим алган студенттердин көпчүлүгү кошумча түрдө кызмат көрсөтүү тармагында (кафе-ресторандарда жана мейманканаларда) эмгектенишет. Бирок пандемияга байланышкан чектөөлөрдөн улам алар ишсиз калышты. Билим берүү аралыктан жүргүзүлгөнүнө байланыштуу үйүнө кайткан студенттер да болду.

  • Үчүнчү топтогу эмгек мигранттары мыйзамдуу жана мыйзамсыз болуп бөлүнөт. Алардын ичинен бир тобу Түркиянын аймагына мыйзамдуу келип, документтери менен (жумушка уруксат алуу, медициналык камсыздандыруу ж.б.) туруктуу эмгектенишет. Ал эми экинчи тобу жаш балдарды жана бейтаптарды багып, официант болуп эмгектенишет. Аларда жумушка уруксат берген документтери жок болот. Практиканы карасак, эмгек мигранттардын басымдуусу Түркияга мыйзамсыз негизде келишет.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда туристтик, жумушка байланышкан жана расмий сапардагы жарандар үчүн визасыз режим тууралуу 2011-жылдагы макулдашуу бар. Башка максатта сапар алган жарандар виза алышы керек.

Түркия Республикасынын мыйзамындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Ал эми Түркияда 90 күндөн ашык убакыт жүрө турган жарандар жашаганга уруксат алуу үчүн Түркиянын Ички иштер министрлигинин облустук миграция башкармалыктарына кайрылышы керек.

2010-жылдан 2019-жылга чейин жумушка уруксат алган Кыргызстандын жарандарынын саны 11 003 адамга жеткен.

- Түркияда добуш берүү үчүн канча шайлоо участогу уюштурулуп, канча шайлоочу катталды?

- Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын акыркы тизмесин бекитип, Анкарадагы шайлоо участогунда добуш берүүчү жарандардын саны 714 адам болгон. Стамбулдагы башкы консулдуктагы шайлоо участогунда 504 шайлоочу катталган. Эки шайлоо участогунда жалпы 1218 шайлоочу бар. Түркиянын аймагында 2 шайлоо участогу ачылган.

Анкарадагы Элчиликте түзүлгөн шайлоо участогунун аймагындагы 68 провинцияда 7 миңден ашык жараныбыз жашайт (Анкара, Адана,Эрзурум, Эскишехир, Газиантеп, Гиресун, Спарта, Мерсин, Кастамону, Кайсери, Кыршехир, Конья, Малатья, Самсун, Трабзон, Ван, Йозгат, Зонгулдак, Караман, Кырыккале ж.б.);

Ал эми Стамбулдагы башкы консулдуктагы шайлоо участогдун аймагына караган 14 провинцияда 18 миңдей жараныбыз бар (Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билежик, Кожаэли, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова).

- 1218 шайлоочу Кыргызстандын Түркиядагы добуш берүү укугу бар жарандарынын жалпы санынын 7 пайызын гана түзөт. Эмне үчүн активдүүлүк мынчалык төмөн?

- Активдүүлүк бар. Консулдуктагы шайлоочулардын саны мурунку шайлоого салыштырмалуу 2,5 эсеге өсүп, 714 шайлоочу болду. Бул акыркы жылдары жүргүзүлгөн дипломатиялык аракеттердин жыйынтыгы. Салыштыруу үчүн айтсак, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 249 шайлоочу болсо, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 301 шайлоочу болгон.

Бирок Стамбулдагы консулдукта шайлоочулардын саны азайды. Мурунку шайлоодо 726 шайлоочу болсо, бул жолу 504 жаран бар.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык чет өлкөлөрдөгү жарандар негизги 2 шартты аткарганда добуш берүүгө уруксат берилет. Алар Кыргызстандын консулдук мекемелерине консулдук каттоого туруп жана биометрикалык каттоодон өтүшү керек. Биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого алынган жарандар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоо Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү, чет өлкөдө алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жүргүзүлөт. Консулдук каттоого туруу жолдору жөнөкөйлөтүлгөнүнө карабастан (консулдук төлөм жокко чыгарылып, аралыктан эле каттоого туруу мүмкүнчүлүгү бар) жарандардын көпчүлүгү муну жасабайт жана аларга кайсыл бир консулдук кызмат же жардам керек болгондо гана кайрылып жатышат.

Биз тараптан жүргүзүлгөн иштер, Түркиядагы диаспоралар, активисттердин чакырыгына карабастан консулдук каттоого турбаган жарандар шайлоочу катары да катталбайт.

- Кыргызстандыктар көп жашаган Антальяда эмне үчүн шайлоо участогу ачылган жок?

- Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн аймагында гана ачылат. Анталья, Бодрум, Измир, Бурса шаарлары Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун аймагына карайт. Демек шайлоочулар башкы консулдуктун аймагында добуш бере алат.

Анталья шаарында Кыргызстандын консулдугун түзүү маселеси көптөн бери күн тартибинде турат. Кыргыз тарап бул маселе боюнча даярдык иштеринен кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлигине ушул жылдын март айында расмий кайрылуу жасаган. Тилекке каршы мамлекеттик ички процедуралар аяктай электигине байланыштуу азырынча макулдук бериле элек.

- №2 форма менен добуш берүү үчүн канча жаран катталды?

- №2 форма менен добуш берүүнү суранган 27 жаран кайрылган. Алар Түркияга жаңы келип, мурда консулдук каттоого турбаган жарандар.

- Элчиликтеги шайлоо участогунда добуш берүү учурунда пандемия шартындагы коопсуздук чаралары кантип сакталат?

- Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Коронавирусту жайылпоого каршы Республикалык штаб менен биргеликте шайлоо күнү шайлоочулардын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын ден соолугун, коопсуздугун сактоого багыттап иштеп чыккан бардык алгоритмдери жана талаптары сакталат. Термометрлер, коргоочу бет каптар, кол каптар, антисептик жана аралыкты сактоо үчүн белгилер даярдалган.

- Жарандар шайлоо тууралуу кайдан жана кантип маалымат алса болот?

- Шайлоочулардын, байкоочулар менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча алгоритм, шайлоочулардын акыркы тизмеси жана башка маанилүү маалыматтар өз убагында Элчиликтин сайтына (www.mfa.gov.kg/ankara) жайгаштырылып турат.

Ошондой эле Элчиликтин Facebook, Instagram жана Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчаларында бардык маалыматтар бар. Кенен маалыматты Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан да алса болот.

http://barakelde.org/news:413000/?from=barakelde&place=mainmain

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK