Урматтуу мекендештер, Элчилик жарандарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышууга чакырат
2020-жылдын 4-октябрында саат 8:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинде - №9036 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү өтөт.
Шайлоого катышуу үчүн жаныңызда сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун бир түрү болушу керек - КРнын жаранынын ички паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту.
Элчилик жарандарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышууга чакырат. Өзүңүздү шайлоочулар тизмесинен төмөнкү шилтеме менен текшерсениз болот: https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml .
Ошону менен бирге, шайлоо учурунда мекендештерди коронавирустун пандемиясы учурундагы коопсуздук эрежелерди сактоого чакырабыз: социалдык дистанцияны сактоону, бир жолу колдонуучу маскаларды жана кол каптарды тагып жүрүүнү.