Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп. өттү

3827

Ушул жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Түркияда ар кандай максаттар менен жүргөн жарандар үчүн "туризм" категориясындагы жашап турууга уруксаттын мөөнөтүн узартуу же

ушул категорияны башка категорияга өзгөртүү, ошондой эле Түркиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандарды легалдаштыруу максатында жеңилдиктерди берүү боюнча макулдашышты.

Эл аралык терроризмге, адам сатууга ж.б. каршы күрөшүү боюнча иштин алкагында, Тараптар КРнын жана ТРнын укук коргоо органдарынын ортосунда маалымат жана тажрыйба, ошондой эле делегациялардын иш-сапарлары менен алмашуу жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Мындан сырткары, Элчи К.Өмүралиев түрк тарапка Түркиянын аймагында кармалган жана каза болгон Кыргызстандын жарандары жөнүндө өз убагында маалымат берип туруу жана Түркиянын эмгек мыйзамдарын сактоо максатында Кыргызстандын жарандарын Түркияда жумушка орноштуруу менен алектенген топторго тиешелүү көзөмөлдү жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.

ТРнын Ички иштер министри С.Сойлу көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтөөрүнө ишендирди.

 

  • 2020-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп өттү
  • 2020-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK