Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасына иш сапары Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн "Аныткабир" күмбөзүнө зыярат кылуу менен башталды

3271

2020-жылдын 9-ноябрында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн «Аныт Кабир» күмбөзүнө зыярат кылуу менен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасына иш сапары башталды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду жана бир мүнөт унчукпай туруу менен анын элесин эскерди.

Маалымат катары: 1938-жылы 10-ноябрда Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк дүйнөдөн кайткан. Түркия Республикасында салтанаттуу аза күтүү иш-чаралары жыл сайын 9 жана 10-ноябрда өткөрүлөт. Ататүрктү эскерүү 10-ноябрда саат 9.05те. (дүйнөдөн кайтканынын так убактысы) өлкө боюнча бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланат. 

Гүлчамбар коюу аземинен кийин министр Р.Казакбаев Мавзолейдин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы жазууда Түрк элинин Биринчи Президенти Мустафа Кемаль Ататүрк акылмандыгы жана эрдиги менен мекенин кыйын кырдаалдан куткарып, өлкө тагдырын толугу менен өзгөрткөнүнМустафа Кемаль Ататүрктүн осуяттары жана идеялары азыркы күндө дагы Түрк элинин жыргалчылыгына жана ийгиликтүү өнүгүшүнө кызмат кылып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK