Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен жолугушту

3773

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавушоглунун чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев 2020-жылдын 9-ноябрынан 11-ноябрына чейин иш сапары менен Түркия Республикасында жүрөт.

Сапардын алкагында болгон жолугушуунун жүрүшүндө Тышкы иштер министрлери кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалына жана анын бардык тармактарда өнүгүүсүнүн жана тереңдешинин мүмкүнчүлүктөрүнө ар тараптуу баа беришти, ошондой эле эки өлкө үчүн кызыкдар болгон аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Түрк тарап Кыргызстандагы саясий туруктуулукка, коомдук тынчтыкка жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө кандай маани бергенин дагы бир жолу тастыктап, 2020-жылдын 14-октябрында түзүлгөн Кыргызстандын жаңы Өкмөтүнө ийгилик каалап, жакынкы мезгилде Конституциянын чегинде кезексиз президенттик жана жаңы парламенттик шайлоолорду коомдук консенсус жана инклюзивдүү мамиле негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар тышкы саясат, коргоо жана коопсуздук, экономика, соода, илим жана өнөр жай, транспорт, энергетика, экология жана урбанизм, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы, билим берүү, маданият, туризм жана спорт сыяктуу тармактарда кызматташтыкты жана координацияны тереңдетүүнү жакташты. Бул контекстте тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу пайдаланууга макулдашышты.

Ошол эле учурда, КРнын жана ТРнын ТИМ жетекчилери эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин 1 млрд. долл. чейин көтөрүү боюнча эки мамлекеттин лидерлери койгон максатка тезирээк жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Ушундан улам, кыргыз тарап Кыргызстандагы түрк инвестицияларынын мыйзамдуу жана физикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү милдеттенди.

Кыргыз тарап учурдагы кызматташтыкты жана координацияны тереңдетүүнүн, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдарда, айрыкча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңеши) аркылуу тилектештикти бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри М.Чавусоглуна меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптешин Биргелешкен Стратегиялык пландаштыруу тобунун кезектеги жыйынынын алкагында ал үчүн ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын Биргелешкен Билдирүүсүн кабыл алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK