Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу

3504

2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Жолугушууда министр Р.Казакбаев ү.ж. 30-октябрда Измирдеги жер титирөөдө курман болгондорго байланыштуу түрк тарапка көңүл айтып, бул кырсыктан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарап түрк эли менен бирге Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн элесин терең урматтоо менен эскерип, кечээ кыргыз делегациясы Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар койгонун белгиледи.

Маалымат катары: 1938-жылы 10-ноябрда Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк дүйнөдөн кайткан. Түркия Республикасында салтанаттуу аза күтүү иш-чаралары жыл сайын 9 жана 10-ноябрда өткөрүлөт. Ататүрктү эскерүү 10-ноябрда саат 9.05те. (дүйнөдөн кайтканынын так убактысы) өлкө боюнча бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланат.

Жолугушууда Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу жөнүндө маалымат берип, болуп жаткан саясий процесстер кайрадан укуктук талаага кайтып келгендигин белгиледи.

Р.Казакбаев жакында шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун саламын М.Шентопко жеткирип, жакынкы алты айда Кыргызстанда президенттик шайлоо (10-январь), Референдум жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо пландаштырылып жаткандыгын айтты.

Р.Казакбаев кыргыз тараптын Түркия менен стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү үзгүлтүксүздүктү сактоого, түрк инвесторлорунун укуктарын коргоого жана Кыргызстанда жүргөн түрк жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү милдеттенмесин ырастады.

М.Шентоп куттуктоосун айтып, ү.ж. 4-ноябрда шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовго өзүнүн саламын айтты. Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтүнүн ишинде ийгиликтерди, Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулукту каалап, М.Шентоп Түркия боордош Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууну улантаарын белгиледи.

Тараптар кыргыз-түрк парламенттер аралык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, ТүркПАнын алкагында достук топтору аркылуу жана парламенттин тиешелүү комитеттеринин деңгээлинде кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын, айрыкча COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK