Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министри С.Сойлу менен жолугушту

3340

2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түрк Республикасынын Ички иштер министри С.Сойлу менен жолугушту.

Р.Казакбаев жарандардын Түркияда туруу эрежелерин жеңилдетүү жаатында берилген формалдуулукту, пандемия учурунда каттоону жана уруксат алуу процедураларын жөнөкөйлөштүргөндүгү үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу негизде, ошондой эле регионалдык форматта эл аралык терроризмге, экстремизмге, адам сатууга ж.б. каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында тез арада маалымат, тажрыйба жана делегациялар менен алмашуу боюнча укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Түркиянын министрине Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиядагы бардык көйгөйлүү маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Аталган көйгөйлүү масалелер ү.ж. 9-ноябрында Анкара шаарында Министр Р.Казакбаевдин мекендештер менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн. Тактап айтканда, Министр Р.Казакбаев эки тараптын мамлекеттеринин жарандары үчүн өз ара негизде уруксат берүү талаптарын толугу менен алып салганга чейин, жумушка уруксат алуу жана эмгек виза алуу жол-жоболорун өз ара жөнөкөйлөтүү боюнча маселесин карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Түркия Республикасынын Ички иштер министри С.Сойлу көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтөөрүнө ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK