Кыргызстанда Маариф Фондунун жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

3721

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түрк Маариф Фондусунун ортосунда Кыргыз Республикасында жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуунун долбоору эки жылдын ичинде ички бекитүү жол-жоболорунан өтүп эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволору тарабынан кылдаттык менен каралган.

Маалымат катары: Түрк "Маариф" фонду 2016-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө Фонд 43 мамлекетте жалпы 332 билим берүү мекемеси менен иш алып барат, анын ичинде 39 мектепке чейинки билим берүү мекемелери, 42 башталгыч мектеп, 62 орто жана 55 жогорку мектеп, 1 университет жана 9 билим берүү борбору бар.

Документке 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түрк Маариф Фондусунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ишке ашыруунун алкагында кол коюлду.

Макулдашуу өлкөдө жаңы билим берүү мекемелеринин курулушун баштайт, сапаттуу мектепке чейинки, башталгыч, орто жана жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк ачат жана Кыргызстандагы билим берүү кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багыт берет.

Макулдашууга кол коюу прогрессивдүү кыргыз жаштарына түрк боордоштугунун жана биримдигинин идеяларын үйрөтүүгө салым кошот, бул өз кезегинде кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгын чыңдоодо дагы бир конструктивдүү кадам болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK