Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Түркиянын ар кайсы аймактарында жашаган мекендештер менен жолугушту

3480

2020-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Түркиянын ар кайсы аймактарында жашаган мекендештер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жана алдыдагы шайлоо процесстери жөнүндө маалымат берди. Министр айрыкча өлкөдөгү кырдаал турукташканын, бардык мамлекеттик органдар мыйзамдуу экендигин, конституциялык реформаларды жүргүзүүгө, коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүүгө, сот жана укук коргоо органдарын реформалоого, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы коомдук түзүмдөрдүн ишин жакшыртууга өлкө жетекчилигинин чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле, Р.Казакбаев мекендештерге өлкөнүн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ар бир мекендеш өз мекени үчүн кам көрүп, анын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын белгиледи. Иш сапардын алкагында Түркиянын мамлекеттик органдарынын башчылары менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, өлкөлөрдүн ортосундагы миграция, маданий-гуманитардык мамилелер, туризм жана билим берүү жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери көтөрүлгөндүгүн билдирди.

Өз кезегинде мекендештер ички саясий кырдаалдын жагымдуу өнүгүшүнө үмүттөрүн артышып, мекенинде окуялар боюнча өз ойлорун билдиришти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө диаспора өкүлдөрү суроолорун берип, ар кандай каалоолорун билдиришти, анын ичинде Түркияда документтерди даярдоо, Анталияда консулдук кеңсесин ачуу, консулдук кызмат көрсөтүүдөгү расмий процедураларды жөнөкөйлөтүү, Түркиядагы медициналык мекемелерде камсыздандыруу полистерин таануу, дипломдорду таануу жана башкалар.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министр Р.Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүшү боюнча айрым маселелер эки тараптуу негизде чечиле тургандыгын, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын юрисдикциясына байланыштуу башка маселелер алардын компетенциясына ылайык өткөрүлүп берилерин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK