Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин түркиялык бөлүгүнүн тең төрагасы Айдын Мистачоглу жана кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасы Темирлан Сарлыкбек уулу менен жолугушуусу

4776

2020-жылдын 11-ноябрында Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз-Түрк Ишкерлер Кеңешинин Түркия бөлүгүнүн теңтөрагасы Айдын Мистачоглу жана Кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасы Темирлан Сарлыкбек уулу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун башында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Измирдеги жер титирөөдө курман болгондорго байланыштуу түрк тарапка көңүл айтып, курман болгондордун тезирээк сакайып кетишин каалады. Р.Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына өлкөдөгү ички саясий кырдаал турукташканы жана алдыдагы маанилүү саясий окуялар тууралуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө, коронавируска каршы күрөшүүгө, конституциялык реформаны жүргүзүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүдөн баштап сот, укук коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү системаларында реформаларды жана конституциялык реформаны илгерилетүү боюнча системдүү жана этаптуу чараларды ишке ашырууга чейин бир катар актуалдуу масалелерди радикалдуу өзгөртүүгө багытталган учурдагы өлкө жетекчилигинин жана өкмөтүнүн иш аракеттери жөнүндө маалымдады. COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Түркия Республикасынын Өкмөтүнө жана түрк ишкерлер коомчулугуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, Министр Р.Казакбаев тилдин, тарыхтын, маданияттын биримдигине негизделген кыргыз-түрк мамилелеринин баалуулугун жана бир тууган Түркиянын Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары ролун баса белгиледи.

Министр айрыкча маектештердин көңүлүн ушул жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасында болуп өткөн окуялардын инвесторлорго жана ишкерлерге, тактап айтканда түрк ишкерлерине эч кандай коркунуч келтирбестигине бурду жана түрк инвесторлорунун укуктарын коргоону жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Түркия Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну улантууга кыргыз тараптын даяр экендигине ишендирди.

Министр айрыкча Түркиянын ишкерлери жана инвесторлору учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, инвестицияларды илгерилетүү жана сооданы өнүктүрүү менен Кыргыз Республикасында өз ишмердүүлүгүн улантып жаткандыгын белгиледи. Бул жагдайда, пандемия бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу зыян келтиргенине карабастан, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин 1 млрд. долл. чейин көтөрүү боюнча эки мамлекеттин лидерлери койгон максатка жетүү үчүн иш-аракеттер улантыларына ишеним билдирди. Бул максат үчүн кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы кызматташуунун Стратегиялык Кызматташтык Кеңеши, Өкмөттөр аралык Биргелешкен Комиссия жана жеке сектор, TOBBдеги Кыргыз-Түрк Бизнес Форуму, ДЕИКтин алдындагы Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңеши, Түркияда билим алган кыргыз бүтүрүүчүлөрүнүн базасында түзүлгөн "Евразиялык ишкерлер клубу" ассоциациясы жана Кыргыз Республикасында түзүлгөн "TUKID" түрк-кыргыз ишкерлер ассоциациясы сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги механизмдерин колдонууну активдештирүүнү сунуш кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кыргыз Республикасынын алдыңкы бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасынын 7 облусунун өкүлдөрүн тартуу менен экономикалык дипломатиянын потенциалын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө ошондой эле Түркиянын соода-экономикалык, соода-өнөр жай палатасы, уюшкан өнөр жай зонасы, эркин экономикалык зона ж.б. чөйрөлөрдөгү потенциалын көрсөтө ала турган жогорудагы долбоор сыяктуу Кыргыз Республикасынын алдыңкы бизнес ассоциацияларынын компактуу делегациясынын жана экономикалык маселелерге жооптуу 7 облустун өкүлдөрүнүн Түркияга иш сапарын уюштуруу жөнүндө макулдашышты. Министрдин иш сапарынын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин кызматташуу программасы иштелип чыгып, анда текстиль жана тигүүчүлүк, айыл чарба жана агробизнес сыяктуу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу тармактары боюнча ишкер жолугушууларды жана соода миссияларын уюштурууга басым жасалат.

Муну менен катар, Түркиядагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен, кыргыз тарап Түркиянын тажрыйбасын изилдөө жана аны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин координациясы аркылуу Кыргыз Республикасында колдонуу боюнча эки тараптуу кызматташууну иштеп чыгууну сунуш кылды.

Р.Казакбаев түрк ишкерлерин Кыргызстандагы экономикалык иш-чараларга - форумдарга, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге жигердүү катышууга чакырды. Ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясынын экинчи толкунунун өнүгүшүн эске алуу менен, экономикалык иш чараларды видеоконференциялар аркылуу да өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK