Министр Р.Казакбаевдин Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Б.Амреев менен жолугушуусу

3446

2020-жылдын 11-ноябрында, Стамбул шаарында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түрк Кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши / ТМКК) Башкы катчысы Б.Амреев менен жолугушуусу болуп өттү.

ТМККнын Башкы катчысы Б.Амреев Министр Р.Казакбаевге, 2020-жылдын октябрь айынын ортосунда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынан кийин, ТМКК мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерине жана бир катар ТМКК мамлекеттеринин башчыларына Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусу жана саясий процесстердин мыйзамдуу жолго кайтып келиши жөнүндө маалымдаганын айтты. Ошол эле учурда, Б.Амреев ТМКК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу бийликтерине күчтүү колдоосун жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушун мындан ары турукташтырууда ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендерин белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Түрк дүйнөсүнүн аксакалыКазакстандын Биринчи Президенти, Элбашы Н.А.Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн ТМККнын эл аралык аренада ролу жогорулагандыгын баса белгиледи. ТМКК мүчөлөрү бир тууган мамлекеттердин тарабынан көрсөтүлгөн жана көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Катчылыкка ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди бекемдөөгө багытталган Түрк Кеңешинин Катчылыгынын демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK