Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмеси (2021-жылдын 10-январы)

4427

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Азыркы этапта Түркия Республикасынын аймагында убактылуу/туруктуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде (№ 9036 УШК) шайлоо участогун бекитти.

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Ал эми добуш берүүчү күнү Түркия Республикасынында жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул учурда Элчилик арыз түшкөндө шайлоочуну убактылуу консулдук каттоого алат. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн убакытта жасалат. Бул ишти 2020-жылдын 28-декабрына чейин кечиктирбей жасоо зарыл.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук төлөмдөр алынбайт.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан жана шайлоо участокторунда илинет.

Эгер ката табылса, так эместик кетсе же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, ушул эле аралыкта (2020-жылдын 28-декабрына чейин) шайлоо комиссиясынын участогуна № 2 формасындагы арыз менен кайрылуу зарыл.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогуна акыркы тизме илинет.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK