Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара
Урматтуу мекендештер!
Элчилик Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитети менен биргеликте залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрда туулган күнүнө карата элесине арналган иш-чара уюштурууда. Иш-чаранын алкагында Кечиөрен муниципалитетиндеги жазуучунун атындагы сейил бакта жайгашкан эстелигине гүл коюу аземи өтөт.
Дүйнөлүк жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү иш-чарасына катышууга чакырабыз.
Күнү жана убактысы: 2020-ж. 14-декабрында саат 11:00де (12-декабрь, ишемби күнү сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу, иш-чара дүйшөмбүгө жылдырылды).
Өткөрүү жери: Кечиөренде Ч.Айтматов атындагы паркта
Дарек: İncirli Mahallesi Barışyolu Caddesi No8/Keçiören (Аnkara)