Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземи болуп өттү

3277

2020-жылдын 11-декабрында Бишкекте онлайн жана оффлайн форматтарында "Мамлекеттик жана саясий ишмер - Чыңгыз Айтматов" темасына арналган IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземи жана биринчи сессиясы болуп өттү.

Аталган иш чарага КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, ТРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Н.Алпарслан, Элчи К.Өмүралиев, ТРнын Кыргызстандагы Элчиси Ж.Фырат, жазуучунун уулу, ошол эле учурда Ч.Айтматов атындагы музейдин директору Э.Айтматов, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлигинин төрагасы У.Алтай, “Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл Форуму” коомдук бирикмесинин вице-президенти А.Молдокматова, “Маариф” түрк фондусунун жетекчиси Б.Акгүн жана башка илим, саясат жана медиа дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун демилгечиси Түркиянын коомдук ишмери жана буга чейин “Ала-Тоонун ойгонушу. Чыңгыз Айтматов” аттуу эки томдук китептин автору Өмер Эрдоган жана ага колдоо көрсөткөн “Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл Форуму” коомдук бирикмеси.

Иш-чаранын алкагында ТРнын Президенти Р.Эрдогандын видео кайрылуусу көрсөтүлүп, анда Ч.Айтматов дүйнөлүк адабиятка киргизген кыргыз элинин улуу баалуулуктарынын бири экендигин белгиледи.

Форумдун жабылыш аземи жана калган эки сессия 2021-жылы Түркияда өтөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK