Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовду эскерүү аземи өттү

3412

2020-жылдын 14-декабрында Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 12-декабырда туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы паркта эскерүү иш чарасы болуп өттү.

Кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү үчүн Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкарадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес структуралардын өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш чарада Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Түркия Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөштү.

Элчи К.Өмүралиев өз сөзүндө мындан бир жыл мурда ушул жерде Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөнүн, тургузулган айкел түрк элинин Айтматовго болгон сый-урматынын бир далили экендигин белгиледи.

Элчи К.Өмүралиев дүйнөдѳ китептери эӊ көп окулган жазуучулардын бири болуп саналган Чыӊгыз Айтматов тирүү кезинде эле 20-кылымдын адабиятынын классиги деп аталганын айтып, анын негизги осуяттарынын бирине “Өз мекенин сүйүү жана элине берилгендик” кѳӊүл бурду.

Түркия Президентинин башкы кеңешчиси Я.Топчу өз сөзүндө жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айрыкча “маңкуртчулук” түшүнүгүнүн маанисине токтолуп, Айтматовдун идеялары келечек муундар үчүн эбегейсиз мурас экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Айтматов кыргыз элинин адабиятында гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө эң маанилүү инсан экендигин баса белгиледи.

Кечиорен муниципалитетинин мэри Т.Алтынок улуу жазуучунун эмгектерин санап жатып, анын эң жаркын цитаталарынын бирин келтирди: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”.

Иш чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK