2021-жылдын 10-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарга байланыштуу Элчиликтин иштөө графиги
Урматтуу мекендештер,
2021-жылдын 10-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча даярдыктарга байланыштуу шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандардын арыздарын Элчилик 2020-жылдын 14-декабрынан 29-декабрына чейин (дем алыш күндөрдөн тышкары) саат 09:00 - 20:00 чейин кабыл ала тургандыгын маалымдайбыз.