Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Маданият министри Анар Каримов менен жолугушту

1547

2022-жылы 3-августта Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Маданият министри Анар Каримов менен жолугушуп, анын жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар келе жаткан дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөдө маданият күндөрүнүн уюштуруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, Элчи К.Осмоналиев Министрге Узеир Хажибейлинин «Аршын мал алан» («Кол буюмдарын сатуучу») опереттасынын коюлгандыгынын 35 жылдыгынын урматына Кыргыз опера жана балет театрында өткөрүнү пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

  • Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Маданият министри Анар Каримов менен жолугушту
  • Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Маданият министри Анар Каримов менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK