Польша Республикасы

Кыргыз-поляк мамилелери

Польша Республикасы 1991-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган.

Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-февралында түзүлгөн.

Польша Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасында аккредиттелген (резиденция Астана шаарында).

Польша Республикасы менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги аркылуу ишке ашырылат.

Кызматташуу жылдарында президенттердин деңгээлинде эки расмий сапары болгон: 1998 жана 2004-жылдары. 2002-жылы Польшанын Президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапары болгон. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини Польшада иш сапары менен болгон.

2012-жылы парламенттер аралык деңгээлде Кыргызстанга Польшанын Сейминин төрагасынын орун басары башында турган Польша делегациясы келген.

Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясы бар. Кыргыз тараптан теңтөрага – Кыргыз Республикасынын экономика министри, поляк тараптан теңтөрага – Польша Республикасынын экономика министринин орун басары.

1999-жылы Польшанын Алматыдагы элчилигинин активдүү көмөгү менен КУУнун филология факультетинде поляк тили кафедрасы ачылган.

1998-жылдан бери Кыргызстанда Польшанын «Одродзение» (Кайра жаралуу) маданий-агартуу бирикмеси иштеп келет.