Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 16-октябрындагы билдирүүсү

2020-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламентинин) кезексиз жыйналышы болду.
Жыйналыштын убагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков өзү тарабынан күн мурун отставкага берүү чечимин жарыялаганына ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө токтотуу ниети тууралуу билдирүү менен чыгып сүйлөдү.
Жогорку Кеңеш С.Жээнбеков үчүн экс-Президент статусунун жана КР мыйзамдарында каралган бардык тиешелүү укуктардын жана артыкчылыктардын сакталышы менен Президенттин отставкасын кабыл алды.
Жогорку Кеңештин Төрагасы (спикери) К.Исаевдин мамлекет башчысынын милдетин аткаруудан баш тартуусун эске алуу менен, Премьер-министр С.Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу болуп калды.
Кыргыз Республикасындагы бийликтин ушундай жагдайда өткөрүлүп берилиши тынчтык жолу менен жана өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык болду. Республиканын мындан аркы туруктуу өнүгүшү, коомдук консенсустун жана туруктуулуктун бекемделиши, ошондой эле кырдаалдын укуктук нукка кайтышы үчүн негиз салынды. ϴлкөнүн мыйзамдарына ылайык жана бардык саясий күчтөрдүн консультацияларынын жыйынтыгы боюнча жакынкы убакта кайрадан парламенттик жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду өткөрүү датасы аныкталат. Кыргыз Республикасы мындан ары демократииялык кайра түзүүлөрдүн жана парламентаризмдин, ошондой эле укуктардын үстөмдүгүн, адам укуктарын коргоону жана сыйлоону алдыга жылдырууну уланта берет. ϴлкөнүн жетекчилиги бейпилдиктин орношуна жана улуттук тынышууга катуу багыт алды.
Кыргыз Республикасы бардык өзүнүн эл аралык милдеттерине толук милдеткер болуп кала берерин жана мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды катуу тартипте аткара берерин билдирет.  
Ошол эле убакта кыргыз тарап өзүнүн чет өлкө өнөктөштөрү менен достук өз ара мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана Кыргызстандын аймагында турган чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда үзгүлтүксүздүктү сактоону карманарын тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чет өлкө өнөктөштөрү менен Кыргызстандын кызматташуусун толук кандуу жаңылоого жана мындан ары активдештирүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды жүргүзүүнү интенсивдүү режимде улантып жатат.