Виза маселелери

КР Афганистандагы Элчилиги тарабынан жергиликтүү жарандарга өз убагында виза берүү иши камсыздалган. Афганистан жарандардын көпчүлүгү окуу жана ишкердик визаларды алышат. Окуу визасын негизинен БААУ, "Манас" жана "Ала-Тоо" университеттерде окуган студенттер алышат. Ишкердик визалар негизинен өкмөттүн мүчөлөрү, Афганистан парламенттин өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери конференцияларга жана семинарларга катышуу максатында алышат. Ал эми Кичүү жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздарга "Р3" категориясындагы жеке виза берилет.