Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Афганстан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен видеоконференц байланышта сүйлөштү

4605

  • 2020-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Афганстан Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен видеоконференцбайланышта сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарды колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты. 
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында афган эл ичинде жолго коюлган элдешүүнүн процессин колдоорун жана Афганстанда тынчтыкка жентишүү жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында анын алдыга жылышына үмүт артарын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK