Кыргыз Республикасынын 31-августдагы Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган расмий кабыл алуудагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин кайрылуусу.

8281

Кыргыз Республикасынын 31-августдагы Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган расмий кабыл алуудагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин кайрылуусу.

 

Улуу Даражалуу Мехмет Касапоглу мырза,

Улуу Даражалуулар!

Кымбаттуу Мекендештерим!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

 

Кутмандуу кечиңиздер менен! Кош келдиңиздер!

 

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгү жарыяланган. Бул дата өлкөбүздүн эң башкы майрамы болуу менен, элибиздин күчтүүлүгүнүн, кайраттуулугунун жана туруктуулугунун белгиси.

Эркиндик бул биздин ата-бабаларыбыздын каны менен кошо айланып, жаны менен бирге жашап, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт. Кыргыз эли, 2000 жылдан ашык тарыхый жолунда, анын ичинде байыркы Кыргыз каганатынын доорунда эбегейсиз кыйынчылыктарга туруштук берип, ар дайым бирдиктуу эл болууну, көз карандысыз жана бакубат өлкө курууну максат кылып келген.

         31-август, биз үчүн бир гана тарыхый күн эмес, бул ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн каны жана энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашы менен келген мурас, ошондой эле бир канча муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы.

Өткөн 28 жыл ичинде Кыргызстан бир топ сыноолордон өттү. Эгемендүү өлкө болушубуз менен, мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн фундаменталдык реформалар жүргүзүлдү. Мурунку совет өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп улуттук валютаны кабыл алдык, дүйнөлүк соода уюмуна кирдик, жерди жеке менчике алуу укугун киргиздик, күч аракеттерибизди демократиялуу мамлекет жана базар экономикасын курууга жумшадык.

Аталган реформалардын негизги натыйжалары катары өлкөбүздөгү активдүү жана күчтүү жарандык коомду, конкуренттүү саясий системаны жана либералдуу экономиканы белгилесек болот. Учурдагы Кыргызстандагы салыктар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү салыктарга салыштырмалуу эң аз өлчөмдө. Бул жетишкендиктер, мындан ары адилеттүү жана бакубат өлкө курууда бекем фундамент болооруна терең ишенебиз.

 

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

 

Эгемендүү болгондон баштап, боордош Түркия Кыргызстанга өзүнүн колдоосун көрсөтүп келет. Эң алгач белгилей кетчүү нерсе, бул Түркиянын биринчи болуп өлкөбуздүн эгемендүүлүгүн тааныганы.

Биздин тилибиз, динибиз бир. Турк боордоштор айткандай: баатыр Манас башыбызда туруп, баарыбыз боз үйдөн чыкканбыз. Кыргыз жана Түрк элдеринин боордоштук, тарыхый жана руханий терең байланыштары учурдагы көп тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин пайдубалы болуп саналат.

Учурдагы саясий, парламенттик, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарыбыз эң бийик стратегиялык деңгээлде жана бул расмий түрдө бекитилген. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков мырзанын Түркияга жана Түркия Республикасынын Президенти Эрдоган мырзанын Кыргызстанга өз ара расмий сапарлары болуп өттү. Ошону менен бирге, Кыргыз-Түрк парламентик кызматташуусунда дагы жемиштүү өз ара аракеттенүүлөр болгондугун белгилөө зарыл.

Аталган расмий сапарлардын алкагында экономика, инвестиция, айыл-чарба, аскер, илим-билим, саламаттыкты сактоо, спорт жана миграция тармактарында бир канча келишимдерге кол коюлду. Учурда бул кол коюлган келишимдер күчкө кирип, ишке аша баштады.

Кыргыз-Түрк экономикалык байланыштарын эске алсак, 2018-жылы эки өлкөнүн соода-сатыгынын көлөмү 400 млн. АКШ долл.түздү. Бул көлөм эки өлкөнүн потенциалдарына жана стратегиялык өнөктөштүгүнө жооп бербейт. Учурда тараптар соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жолунда. Бул тармактагы олуттуу маселелер, жакын арада өтүүчү Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиясынын отурумунда каралат.

3000 жылдан ашык тарыхы бар Ош шаары, 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланып, 19-21-апрелинде бул иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын демилгеси менен, 2014-жылдан тартып Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өткөрүлүп келет. Бул маданий-спорт тармагындагы түрк элдерине таанымал оюндар ар эки жылда 80-ге жакын өлкөдөн келген спортчулардын катышуусу менен өтүүдө. Ал эми 4-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2020-жылда Түркияда өткөрүлөт.

Азыркы учурда кыргыз-түрк мамилелеринин саясий күн тартибинде Түркия Республикасынын Президенти Эрдоган мырзанын чакыруусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков мырзанын эки өлкөнүнүн ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча башкы кеңешинин 5-жыйынына катышуу үчүн боло турган Түркияга расмий сапары турат. Бул расмий сапар жана анын жыйынтыктары эки өлкөлөрүбүздүн мамилелерине дагы бир чоң салым болооруна терең ишенебиз.

 

Кымбаттуу достор,

 

Сөзүмдү аяктап жатып, ушул салтанаттуу иш-чарабызга катышканыңыздар жана биздин кубанычыбызды тең бөлүшкөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле бул кечени уюштурууга көмөк көрсөткөн диаспора мүчөлөрүнө жана Элчиликтин жамаатына чоң алкышыбызды айтабыз!

 

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Достук мамилебиз өркүндөй берсин!

Жашасын Кыргызстан!

Кечеңиздер көңүлдүү улансын!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK