Кызмат

 

Сапаттуу консулдук кызмат көрсөтүү максатында жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн, ошондой эле пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алып, жарандардын консулдук кызматтарды алуусу үчүн алдын ала катталуу кызматы ишке киргендигин маалымдайбыз. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын 28-декабрынан тартып жарандарды кабыл алуу төмөнкү шилтемедеги алдын ала катталуу веб-сайты аркылуу боло тургандыгын кабарлайбыз: www.ankarakonsulduk.com.

Жарандарга консулдук кызмат күн сайын иш күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дөн 13.00гө чейин жана 14.00дөн 16.00гө чейин көрсөтүлөт, 16.00дөн 18.00гө чейин документтерди тариздөө жүргүзүлөт.

Консулдук кызмат алуу үчүн www.ankarakonsulduk.com веб-дареги боюнча алдын ала жазылуу зарыл.

Жашы толгон Кыргыз Республикасынын жарандары  паспортун жасатуу үчүн:

                                  1)  паспорттун түп нускасы + көчүрмөсү;

2) 2 даана сүрөт (4*6, биометрикалык, түстүү, таза ак фондо, бурчтары жок, сандары жана жазуулары жок жана көз айнексиз) + электрондук форматта (CD-диск же флешка);

3) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;

4) нике тууралуу маалымат (никелешүү, ажырашуу же болбосо жесир жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бири) + көчүрмөсү;

Түркиянын каттоо бөлүмүндө расмий нике катталган учурда: Кыргыз же орус тилдерине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостиль коюлган нике күбөлүгүнүн түп нускасы.

Түркиянын никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн негизинде фамилия алмаштыруусу менен жаңы паспорт эки этапта алынат: 1) АИС ЗАГС системасы аркылуу тийиштүү форма толтурулуп 10 жумуш күн ичинде жарандын жеке маалыматтары иштеп чыгарылат, ал эми 2) фамилия алмаштырылгандан кийин жарандын жеке өзүнүн кайрылуусунун негизинде паспорт тапшыруу иш жүргүзүүсү башталат.

5) 30 доллар өлчөмүндө GARANTI Bank Yıldız Şubesiне консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43;

6) жалпы жарандык паспорт үчүн мамлекеттик төлөм (арыз ээсинин атына РСК Банкта төлөнөт - Элчиликте төлөм кодун алгандан кийин төлөнүшү керек).

7) Паспортту даярдоо убактысы 2 ай.

Эскертме: Кээ бир учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн. Паспортту жоготкон учурда Түркиянын полициясынан жоготулгандыгы тууралуу маалымкат керек.

 

16 жашка толбогон Кыргыз Республикасынын жарандарына 

 жалпы жарандык паспортун жасатуу учун:

1) 2 даана сүрөт (4*6, биометрикалык, түстүү, таза ак фондо, бурчтары жок, сандары жана жазуулары жок жана көз айнексиз) + электрондук форматта (CD-диск же флешка);

2) паспорту бар болсо - паспорттун түп нускасы + көчүрмөсү;

3) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;

4) ата-энеcинин паспортунун түп нускасы + көчүрмөсү;

5) ата- энеcинин жазуу жүзүндөгү арызы (Элчиликте түзүлөт);

6) 30 АКШ доллары өлчөмүндө ‘GARANTI Bankası, Yıldız Şubesi’не консулдук төлөм төлөөнөт, эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43;

7) жалпы жарандык паспорт үчүн мамлекеттик төлөм (арыз ээсинин атына РСК Банкта төлөнөт, Элчиликте төлөө кодун алгандан кийин төлөнүшү керек).

8) Паспортту даярдоо убактысы 2 ай.

Эскертме: Кичине бала/кыз сөзсүз турдө Элчиликке келүүсү зарыл. Кээ бир учурда балага паспорт жасатуу үчүн атасынын же энесинин нотариустан күбөлөндүрүлгөн маакулдугу керек. Эгерде ата – энесинин бирөөсү чет өлкө жараны болсо анда балага паспорт жасатуу үчүн  нотариалдык маакулдугу жана нотариустан тастыкталган паспорттун котормосу керек.

 

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн каттоо

Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүк - бул Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүргөн жана ага Кыргызстанга кайтып келүү укугун берген убактылуу документ (жалпы жарандык паспорттун жоголгон, бузулган, жарактуу мөөнөтү аяктаган учурларда).

1. Толтурулган жана кол коюлган Анкета (Элчиликте толтурулат);

2. Жарандык паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көчүрмөсү же арыз ээсинин жарандыгын ырастаган башка документтер;

3. Паспорттун жоголгондугу / уурдалгандыгы жөнүндө полициядан билдирүү (жоголгон учурда);

4. Сүрөт электрондук форматта (CD-диск же флешка);

5. Консулдук төлөм - 10 АКШ доллары, ‘GARANTI Bank, Yıldız эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43.

6. билеттин көчүрмөсү жана башка документтер (керектүү учурда).

 

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо үчүн ата-энесинин - Кыргыз Республикасынын жарандарынын же ата-энелеринин биринин - Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке катышуусу төмөнкү документтерди көрсөтүү менен талап кылынат.

1. Ата-энелердин биргелешкен арызы (Элчиликте түзүлөт).

2. Кыргыз же орус тилдерине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостилденген медициналык мекеменин күбөлүгү (Doğum raporları), туулгандыгын каттоого ыйгарым укуктуу органдын (Nufüs Müdürlüğü) күбөлүгү (Doğum bildirim formu жана Doğum kayıt örneği);

3. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ата-энелеринин паспортторунун жана ID паспортторунун түп нускалары;

4. Баланын ата-энесинин никеси жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;

5. Консулдук төлөм ‘GARANTI Bank, Yıldız Şubesi’ге $ 10 өлчөмүндө төлөөнөт, эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43.

Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргызстан жана Түркия 1961-жылдагы Гаага конвенциясынын катышуучулары болуп, чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарды. Кыргыз Республикасынын документтерин Түркиянын аймагында колдонуп жаткан учурда, документтин түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылышы керек (толук маалымат менен Юстиция министрлигинин http://minjust.gov.kg/ru/section/view/id/21 сайтынан таанышууга болот)

Элчиликтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген расмий документтерге "Апостиль" коюуга укугу жок.

Айрым учурларда Түркиядагы жергиликтүү бийлик Элчилик тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтерди кабыл алат. Сертификаттоо үчүн алгач документти которуп, нотариалдык күбөлөндүрүүсү керек.

 

Нотариалдык иш-аракеттер

Анкара шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин аткарган нотариалдык иш-аракеттери тийиштүү кишинин жеке катышуусу менен арыз жана төмөндөгү документтерди берүү аркылуу ишке ашат:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту жана ID паспорту.

  2. Ишеним кат берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Берилген документтин түрүнө жараша:

-     Чет өлкөдө бир жашы жете элек баланы алып жүрүү учурунда, баланын паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк көчүрмөсү;

-     кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон укуктарды башкаруу учурунда- тийиштүү документти тастыктаган көчүрмөсү (техпаспорт, кызыл китеп, автоунаанын техпаспорту, алым-сатым келишими ж.б.) талап кылынат.

Консулдук төлөм ‘GARANTI Bank, Yıldız Şubesi’ге $ 10 өлчөмүндө төлөөнөт, эсеп № TR58 0006 2000 4080 0009 0766 43.

 

Кыргыз Республикасынын визаларын алуу

Кыргыз Республикасынын визаларын Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнөн же "Манас" аэропортуна келгенден кийин алууга болот. Ошондой эле, www.evisa.e-gov.kg сайты аркылуу 90 күнгө чейин жарактуу Кыргыз Республикасынын электрондук визасын ала аласыз.

 

Мекен-карт мекендештин статусу

Мекен-карт- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи.

Бул статус Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө кирүү, чыгуу, транзиттик жүрүү үчүн төмөнкүлөргө багытталган:

  1. мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  2. алгачкы Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгына  карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  3. алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жаранынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн;
  4. Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн.

Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына Мекен- карт берилбейт.

Бул документ чет өлкөлүк жарандын жарактуу паспорту болгондо гана жарактуу болуп саналат.

Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендеш статусун берүү үчүн жалпы тартипте зарыл болгон документтердин тизмеги (60 күндүк кароо):

  1. арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  5. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;
  6. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

Жогоруда аталган документтерге кошумча катары төмөнкү документтер берилет:

а) мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

б) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ;

в) алгач Кыргыз Республикасынын жарандары болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер);

- Кыргыз Республикасынын жаранынын (атасынын же энесинин, чоң атасынын же чоң энесинин) паспорту жана анын көчүрмөсү;

г) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

- Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

 

Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте (30 күндүк кароо):

  1. - арыз;
  2. чет өлкөлүк жарандын паспорту;
  3. чет өлкөлүк жарандын ал жаран болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
  4. Мекен-картты тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө төлөгөндүгүн ырастаган квитанция;
  5. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өтүнүч берген учурда).

 

Төлөм: $40 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйым.

10 618 сом өлчөмүндө Мамлекеттик алым, төлөө Кыргыз Республикасынын аймагында РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз почтасында жүргүзүлөт.

 

Жарактуулугу: Мекен-карт 10 жылга жарактуу.

 

Эскертүү:Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып токсон жумуш күндүн ичинде барган жериндеги аймактык бөлүктөрдөн каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Эгерде жашаган жери 30 календардык күндөн ашык убакытка өзгөрүлсө, анда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар жаңы барган жеринде каттоого туруу жөнүндө арыз менен кайсы болбосун аймактык бөлүккө кайрылууга милдеттүү.

 

Кыргыз Республикасынын мурда берилген улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү

документтер тапшырылууга тийиш:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  1. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  2. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  3. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  4. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн жоготсоңуз, төмөндөгү документтерди тапшырышыңыз керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. Медициналык мекемеси тарабынан берилген, медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү);
  4. Айдоочуларды даярдоого катышкан билим берүү уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (бар болсо көрсөтүлөт);
  5. Айдоочуларды даярдоо менен алектенген билим берүү уюмдары тарабынан берилген жеке айдоочу картасы (бар болсо көрсөтүлөт).

Кыргыз Республикасынын мурда берилген эл аралык айдоочулук күбөлүгү алмаштырылган же жоголгон учурда төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Арыз;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  3. алмаштырылууга туура келген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү;
  4. Эки түстүү сүрөт (матовые, 3,5 х 4,5).

Түркияда каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку компенсацияны алуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 "Чет өлкөлөрдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын жакын туугандары каза болгон күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен компенсация алышы үчүн, төмөнкү документтерди берүү керек:

- алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

- туугандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

- өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык тастыктанган котормосу + апостиль.

 

Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын СТАВКАЛАРЫ

Консулдук кызматтардын аталышы

Консулдук кызматты көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери, сом

Консулдук кызматты көрсөтүүдө алынуучу каражаттардын чендери, АКШ долл.

1

Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасын – паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү:

 

 

 

- анкеталарды тариздөө жана маалыматты иштеп чыгуу

 

30

2

Визаларды жана визалык колдоону тариздөө:

 

 

 

Бир жолку визаны тариздөө:

-1 айга

3589

 

50

 

Бир жолку визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

704

10

 

Бир жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

352

 

5

 

 

Көп жолку визаны тариздөө (ай):

4315

60

 

 

Көп жолку визаны тариздөө:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

 

1078

 

15

 

Көп жолку студенттик визанын мөөнөтүн узартуу:

- ар бир 30 күн үчүн (1 ай)

 

704

 

10

 

 

Транзиттик визаны тариздөө:

 

 

 

- беш сутка

1783

25

 

Чыгуу визасын тариздөө; визаны жаңы жол жүрүү документине өткөрүү

5020

70

 

Бир адамга визалык колдоону тариздөө

352

5

3

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк берүү

 

10

4

Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин мамлекеттик органдары тарабынан берилген ар бир документти легалдаштыруу:

 

 

 

жеке адамдардан - Кыргыз Республикасынын жарандарынан

352

5

 

жеке адамдардан – чет мамлекеттин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдардан

3589

50

 

юридикалык жактардан

7189

100

 

Жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге чет мамлекеттин жарандары көрсөтүлгөн ар бир документин легалдаштыруу

1431

20

5

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу жөнүндөгү документтерин тариздөө

 

510

6

Баланын жарандыкты тандоосу жөнүндө документин тариздөө

 

10

7

Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо (Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо):

 

 

 

- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн

 

10

 

- чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

50

8

Жарандык абалдын актыларын каттоо:

 

 

 

- никелешүүнү каттоо жана никелешүү жөнүндө күбөлүктү берүү;

 

10

 

- соттон тышкары ажырашуу жана ажырашуу жөнүндө күбөлүктү берүү (тараптардын ар бирине);

 

50

 

- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө материалдарды каттоо жана тариздөө;

 

10

 

- төрөлгөндүгүн каттоо жана төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү

 

10

9

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин нотариалдык иш-аракеттери

 

 

10

 10.

Мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним кат берүү:

 

 

 

- автотранспорт каражатын;

 

10

 

- кредиттик операция жасоого;

 

10

 

- акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды алууга ишеним кат

 

10

 11.

Камкорчулук, мурас иштерин жана башка мүлктүк иштерди алып баруу жана ага байланыштуу нотариалдык иш-аракеттерди жасоо

 

20

12. Айдочуу күбөлүгүнү алмаштыруу   25