Элчи Кубанычбек Өмүралиев «Marmara Group» Фондунун Президенти Аккан Сувер менен жолугушту

2631

2021-жылдын 5-ноябрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев «Marmara Group» Фондунун Президенти Аккан Сувер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Сувер Элчи К.Өмүралиевге «Marmara Group» Фонду тарабынан 1998-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Евразия Экономикалык Саммити тууралуу маалымат берди. А.Сувер Элчини 2022-жылдын 7–9-июнуна көздөлгөн 25-Евразиялык Экономикалык Саммитине (ЕЭC) катышууга чакырды жана жогоруда аталган Саммиттин алкагында кандайдыр бир биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Элчи Өмүралиев чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, өлкөбүздү таанытуу жана ал тууралуу маалыматтарды таратуу, анын ичинде экономикалык багыттагы долбоорлор менен тааныштыруу максатында Элчилик мындай иш-чараларга катыша тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK