Малатьяга болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев аталган шаарда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү

1791

2022-жылдын 14-майында Малатьяга болгон иш сапарынын алкагында Элчи Кубанычбек Өмүралиев аталган шаарда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев КРнын Өкмөтү тарабынан КРнын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, кененирээк акаркы жылдары ишке ашырылган төмөнкү маселелерге көңүл бурду: КР менен ТРнын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Макулдашуу, ага ылайык мыйзамдуу иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки өлкөнүн жарандары Кыргызстан да, Түркияда да пенсия жана жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, балдардын чет элдик паспортунун мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин узартылышы ж.б. Элчи ошондой эле алардын суроолоруна жооп берди.

Шаарда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгү Инөнү атындагы университеттин студенттери экенин эске алып, Элчи Өмүралиев жолугушууга университеттин Ректору Ахмет Кызылайды чакырып, ал өз кезегинде студенттерге көңүл бурарын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK