Элчи Кубанычбек Өмүралиев Филиппиндер Республикасынын Элчиси Мария Елена Алгебре менен жолугушту
2022-жылдын 20-июлунда Элчи Кубанычбек Өмүралиев Филиппин Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Мария Елена Алгебре менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү перспективалары талкууланып жана эки өлкөнүн Түркия Республикасы менен учурдагы мамилелеринин абалы тууралуу пикир алмашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.