Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Стамбулдагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда “Ушул жылдын 13-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм” – деп айтылат.