Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

1163

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. 

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү. 

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK