Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Жаңы жыл менен куттуктады

761

Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жарандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Сизди жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Жалпыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана башталган иштердеги ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK