Элчи Руслан Казакбаев Невшехир аймагынын Үчхисар районунун башчысы Осман Сүслү менен жолугушту

829

2023-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Невшехир аймагынын Учхисар районунун башчысы Осман Сүслү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн аймактарынын, тактап айтканда, Каракол менен Учхисар ортосундагы боордоштук мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендерин билдиришти.

Мындан тышкары, түрк тарап Каракол шаарында Учхисардын бюджеттик каражатынын эсебинен бала бакчанын курулушун баштоо пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын катышуусунда бизнес-форумду биргелешип уюштурууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 2-июлунда Каракол менен Учхисар ортосунда боордош шаарлар мамилелерин түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK