Түркиянын түштүк-чыгышында 2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөө тууралуу

954

2023-жылдын 6-февралы, саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде, 7 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөө андан кийин жарым саат бою башка аймактарда – Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилди.

Жер титирөөнүн кесепетинен жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00гө карата өлкөнүн жети аймагында 76 адам каза болуп, 440 адам жарадар болгон.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Стамбулдагы жана Анталиядагы Башкы консулдуктары менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыр тарткандар арасында Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо боюнча иш алып барууда.

Кырдаалды көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү.

Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары ишеним телефондору аркылуу зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK