2023-жылдын 20-февралы саат 10:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

689

1. 2023-жылдын 20-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 10:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 13:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 41 020 адамга жетип, 110 000 адам жарадар болду.
2. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору Түркия Республикасындагы куткаруу иштерин бүтүрүүгө даярданууда. Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө урандылардын астынан 8 тирүү адам жана 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды.
3. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарабына өткөрүлүп берилди.
4. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) Анкарадагы борбордук кеңсеси менен бирге Кыргызстандан келген куткаруучулардын кызматынын аякташы жана мекенине жөнөтүлүшү боюнча чечим кабыл алынат.
5. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Түркияга болгон боордоштук жардамы, анын ичинде жабыркагандар үчүн боз үй шаарчасын түзүү, дары-дармектер, ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ийгиликтүү издөө-куткаруу иштери, түрк коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.
6. Түрк тарап үчүн кайгылуу учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун буйругу менен Түркияга тез арада жөнөтүлгөн кыргыз тараптын жардамын чагылдыруу үчүн, Элчилик менен Башкы консулдуктар кеңири маалымат жайылтуу иштерин жүргүзүштү. Өлкөбүздүн атына күн сайын ыраазычылык сөздөрү жазылган каттар, чалуулар жана билдирүүлөр келип түшүүдө. Социалдык тармактарда Түркиянын расмий бийлигинен, саясий ишмерлерден, анын ичинде оппозициядан, ошондой эле карапайым түрк жарандарынан кыргызстандык куткаруучулардын жана боз үйлөрдүн сүрөттөрү менен ыраазычылык билдирүүлөр жарыяланууда.
7. Кахраманмараштагы AFAD лагеринде Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү менен бирдиктүү убактылуу штаб ишин улантууда. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.
8. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.
9. Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүп жатышат.
10. Жалпы координациялоону Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Р.Казакбаев жүргүзүүдө. Түркиянын Президентинин Администрациясы, Тышкы иштер министрлигинин кризистик борбору, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) борбордук жана жергиликтүү түзүмдөрү, жабыркаган облустардын губернаторлору жана шаарлардын мэрлери менен дайыма байланыш түзүлүүдө.
11. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде, ошондой эле Кахраманмараштагы AFAD лагеринде күнү-түнү иштеген убактылуу ыкчам штабдардын иши уланууда.
12. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK