Элчи Руслан Казакбаев Анкара аймагынын губернатору Васип Шахин менен жолугушту

672

2023-жылдын 23-февралында Элчи Руслан Казакбаев Анкара аймагынын Губернатору Васип Шахин менен жолугушту. Жолугушуу Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөлөргө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар боюнча кризистик борбор жайгашкан Шаардык коопсуздукту башкаруу системасы кызматынын имаратында өттү.

Жолугушуунун башында Элчи Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргызстандын элинин атынан көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген катуу жер титирөөлөргө байланыштуу көңүл айтты.

Өз кезегинде Губернатор Васип Шахин 182 адамдан турган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору жана дарыгерлер, көчмө оорукана, дары-дармектер жана Кахраманмарашта жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 130га жакын боз үй түрүндө көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн Кыргызстанга жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу, тактап айтканда, убактылуу жашоого уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы мекендештердин Анкара аймагында

жүрүүсүнө максималдуу көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо максатында тараптар Анкара аймагы менен Чүй облусунун ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргыз Республикасы менен Турикя Республикасынын аймактар аралык кызматташтыгын түзүү жана активдештирүү максатында, тараптар Анкара аймагынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Элчи Руслан Казакбаев Губернатор Васип Шахиндин коштоосунда Кризистик борбордун иши менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK