Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын маданият жана туризм министринин Орунбасары, ТИКАнын мурдагы Президенти доктор Сердар Чам, ошондой эле ТИКАнын Президентинин милдетин аткаруучу Серкан Каялар менен жолукту

5418

2019-жылы 7-майда Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык кызматташтык жана координация боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) кеңсесине барып, Түркиянын маданият жана туризм министринин Орунбасары, ТИКАнын мурдагы Президенти доктор Сердар Чам, ошондой эле ТИКАнын Президентинин милдетин аткаруучу Серкан Каялар менен жолукту.

Кыргыз Республикасында 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жылы деп жарыялоонун алкагында долбоорлорду Кыргызстандын аймактарында ишке ашырууну кеңейтүү менен ТИКАнын дараметин пайдалануу маанилүүлүгүнө кыргыз тарабы көңүл бурду.
Кыргыз Республикасында биргелешип ишке ашыруу үчүн түрк тарабына белгилүү бир долбоорлор сунушалды. 

Министр Ч.Айдарбеков маанилүү социалдык мааниси бар ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалады. 2012-2017-жылдар аралыгында билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфратүзүмдү өнүктүрүү, коммуникация жаатында ТИКА Кыргызстандын аймагында 411 долбоорду ишке ашыргандыгы белгиленди.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын маданият жана туризм министринин Орунбасары, ТИКАнын мурдагы Президенти доктор Сердар Чам, ошондой эле ТИКАнын Президентинин милдетин аткаруучу Серкан Каялар менен жолукту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK