Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын түрдүү ЖОЖдорунда билим алып жаткан Кыргызстандын студент жарандары менен жолугушту

525

2023-жылдын 23-январында Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын университеттеринде: Полиция академиясында, Гази, Хаджеттепе, Анкара университетинде, Анкара Хаджи Байрам Вели университетинде билим алып жаткан Кыргызстандын студент-жарандары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Р. Казакбаев катышуучуларга кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берип, өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

Элчи Р.Казакбаев студенттерди Кыргыз Республикасына байланыштуу түрдүү маданий жана башка иш-чараларга активдүү катышууга чакырып, алдыңкы технологияларды жана чет тилдерди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн өзүнчө белгиледи.

Мындан сырткары, Элчи Р.Казакбаев Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын активдүү коргой тургандыгына ишендирди. Ал ошондой эле кабыл алуучу (жүргөн) өлкөнүн мыйзамдарын жана жүрүм-турум нормаларын сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Студенттер, өз кезегинде, жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлө тургандыгына деген ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK