Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу түрк кесиптешине көңүл айтты

514

6-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын түштүк-чыгыш аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопко кат жолдоду.

Көп адамдын өлүмүнө алып келген каргашалуу кырсык тууралуу кабарды кабатырлануу менен кабыл алганын айткан Нурланбек Шакиев боордош түрк калкына Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтты. Ошондой эле жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилеп, кыргыз эли ушундай кыйын учурларда түрк эли менен бирге экенин кошумчалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK