КР ТИМдин 2020-жылдын 16-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү

3670

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министри С.Н.Жапаров өзүнүн мамлекет башчысы ыйгарым укуктарын, ошондой эле Премьер-министри ыйгарым укугун расмий түрдө токтотту.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы (Парламенттин спикери) аткарат. Андан тышкары «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесине ылайык Премьер-министр жок болгон убакта анын милдетин Биринчи вице-премьер-министр аткарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдети Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытовго, ал эми Премьер-министр - Биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиковго өтөт.

Кыргыз Республикасы тышкы саясатты ишке ашырууда жана мурда жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагында өзүнүн эл аралык милдеттемелерин катуу сактоодо улантуучулукту өзгөрүүсүз карманарын дагы бир жолу тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги туруктуулукту орнотуу, демократиялык өзгөрүүлөрдү илгерилетүү, мыйзамдуулукту чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сыйлоо процесстери Кыргыз Республикасы тарабынан улантыла берери жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасы мамлекеттин коопсуз жана туруктуу өнүгүүгө жетүүсүнө курс жүргүзүүнү улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK