Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТИКАнын Президенти Серкан Кайалар менен жолугушту

3385

2020-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Президенти Серкан Кайалар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТИКАнын Кыргызстанда ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан саламаттыкты сактоо, туризм, маданият ж.б. тармактардагы долбоорлорун талкулашты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалды эске алып, Элчи Өмүралиев ТИКА аркылуу ишке ашырылып жаткан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын долбоору тез арада толук кандуу ишке кирээрине ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK