Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

3399

2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин, ошондой эле алдыда Кыргыз Республикасында боло турган Президенттик шайлоону жана Референдумду талкуулашты.

Президенттин Башкы кеңешчиси Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалап өлкөлөр ортосундагы мамилелер мындан ары дагы бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк жаатында өнүгө берерине ишеним билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK