Түркияда сыртка чыгууга тыюу салынган шартта 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Референдумга Кыргызстандын жарандарынын добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө.

4219

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелери менен КРнын жарандарынын 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылды.

Бул уруксат Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигиндеги (Анкара ш.) №9036 УШКнын шайлоочулар тизмесинде катталган жарандар үчүн жарактуу. Өзүңүздү Элчиликтин шайлоочулар тизмесинен төмөнкү шилтеме аркылуу текшере аласыз: ТИЗМЕ.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында саат 08:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинде өткөрүлөт (дареги: Turan Gunes Bulvari, Galip Erdem Caddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara).

Шайлоого катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн бири - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт) болушу керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK