COVID-19ду жуктуруп алган учурда Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын жүрүүсүнүн алгоритми тууралуу КР ТИМинин маалыматтык билдирүүсү

3155

Түркияда медициналык кызмат көрсөтүү өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелеринде сактык полистеринин негизинде жүргүзүлөт. Сактык полистери жок болгон учурда, дарылануу үчүн акы төлөнөт.

Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген алгоритмге ылайык, вирустун жеңил түрүн жуктуруп алган чет өлкөлүк жарандар кездешкен учурда, аларга обочолонуу шарт экендиги маалымдалып, акысыз түрдө медикаменттер берилет. Ал эми илдеттин оор түрүнө чалдыккан чет өлкөлүк бейтаптар акы төлөө жолу менен дарыланышат жана алар өлкөнүн муниципалдык кызматтарынын жолдомосу менен, мамлекеттик медициналык мекемелерге жайгаштырылат.

Түркияга туристтик максатта келген чет өлкөлүк жарандарда туристтик ишканаларда таризделген сактык полистеринин болушу абзел.

Ушуга байланыштуу, Түркия Республикасына жөнөп жаткан Кыргызстандын жарандарына  Түркиянын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурда акысыз дарылануу жөнүндө кепилдик берүүчү сактык полистерин алуу сунушталат. Ошону менен бирге, жарандарга Түркиядагы эпидемиялык кырдаалды, коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын кескин түрдө өсүп жаткандыгын, ага ылайык киргизилген чектөөлөрдү, карантиндик чараларды эске алып, азыркы учурда Түркияга баруудан кармануу сунушталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK