Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки визасыз режим киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2809

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен, визалык режимди либералдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки визасыз режим киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгондугун кабарлайт.

Ошентип, визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз өлкө кирди: Албания Республикасы, Болгария Республикасы, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль Мамлекети, Кипр Республикасы, Түндүк Македония Республикасы, Румыния, Таиланд Королдугу, Бириккен Мексика Штаттары.

Жогоруда аталган мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасына визасыз тартипте 60 күнгө чейинки мөөнөткө кирүүсү мүмкүн.

Мыйзам 2021-жылдын 1-августунда расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK