6-августта Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму өтөт

3632

2021-жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун алкагында Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму жана Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлеринин В2В жолугушуулары өткөрүлөт (өтүүчү жери: отель «Шератон», башталышы саат 12.30да).

Бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.Марипов, ТРнын Вице-президенти Ф.Октай, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) жана Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Президенттери баштаган түрк ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Бул форумга катышууну каалагандар Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешине (Элнур Османов, +90 212 339 50 67, e-mail: e.osmanov@deik.org.tr) жана Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигине (Адем Кула, тел. +90 212 324 95 42, e-mail: adem.kula@tobb.org.tr) жана Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине (Курманжан Исакова, тел. +996 554 828 881, эл.почта: kurmanjan07@mail.ru) кайрылуулары керек.

          Активдүү катышууга чакырабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK